ЗАТ АЛМАШУУ
ЗАТ АЛМАШУУ , м е т а б о л и з м – организмдеги бардык биохимиялык процесстердин жыйындысы. Ал организмдин өсүп-өөрчүшүн, өзүн-өзү сактоосун ж-а жаңырышын камсыз кылат. Зат алмашуу бир мезгилде жүрүүчү өз ара байланыштуу 2 процесстен – ассимиляция ж-а диссимиляция (анаболизм ж-а катаболизм) м-н ишке ашат. Организм айлана-чөйрөдөн түрдүү заттарды сиңирип, аларды өзгөртүп, өзүнө керек затка айлантат (анаболизм). Ошол эле мезгилде ассимиляцияга тескери катаболизм процесси жүрүп, организм клеткаларындагы заттар ажырап, анын орду жаңы химиялык заттар м-н толукталат. Зат алмашууда витаминдер, ауксин, ферменттер, гормондор, фотосинтез, гумордук факторлор чоң роль ойнойт. Жагымсыз шарттар зат алмашуунун бир калыпта жүрүшүнө тоскоол болуп, организмди жарым-жартылай же толук өлүмгө учуратат. Организмдеги зат алмашуу процесстери бири-бири м-н өз ара байланыштуу. Мал организминде курчап турган чөйрөдөн тоют м-н белок, углевод, май, витамин, минерал туздарды, суу, кычкылтекти кабыл алып, акыркы продуктуларды – көмүр кислотасын, суу, аммиак ж-а мочевинаны бөлүп чыгарат. Мында ассимиляция ж-а диссимиляция процесстеринин бири бирине катышы организмдин жашына, физиологиялык абалына ж-а өөрчүү стадиясына жараша болот. Организм сырткы чөйрөдөн кабыл алган затка жараша зат алмашуу белок, май, углевод, суу ж-а минералдык алмашуу болуп бөлүнөт. Белок алмашуу – малдын организмине тоют м-н келген белоктор ичеги-карында ферменттер ж-а ичеги-карын зилинин (пепсин, трипсин) таасиринен пептид ж-а амин кислотасына ажырайт. Ажыраган заттар канга сиңип, ткандарга тарайт, белокту синтездейт.
Зат алмашуунун акыркы продуктулары – амин кислотасы, аммиак, көмүр кычкыл газ ж-а сууга ажырап, сыртка бөлүнүп чыгат. Май алмашуу – малдын организмине келип түшкөн, ткандардагы май, ошондой эле май сымал заттардын химиялык айланышы. Майлар (липиддер) негизинен малдын ичегисинде ферменттердин (липаза, лецитиназа, коламин – фосфотаза, глицерофосфотаза) катышуусу м-н моноглицерид, глицерин, холестеринге ажырайт да, ичегиге сиңет. Углевод алмашуу – организмдеги негизги энергия булагы. Углеводду (целлюлоза, гемилцеллюлоза) организм негизинен тамак-аштан алат. Татаал углеводдор тамак сиңирүү жолдорунда амилаза, мальтоза, сахароза ферменттеринин таасиринен моносахариддерге (глюкоза, фруктоза, галактоза) ажырайт. Суу ж-а минералдык заттардын алмашуусунун мааниси чоң. Суу организмдеги бардык биохимиялык процесстерге катышып, организмде белок, углевод ж-а майдын кычкылданышынын акыркы продуктусу катары тынымсыз пайда болуп турат. Ал канга сиңип, бүт орган, ткандарга тарайт. Суу негизинен териде ж-а булчуңдарда көп болот. Суунун жок болушу физиологиялык процесстин бузулушуна ж-а өлүмгө дуушар кылат. Ал эми өсүмдүктөгү зат алмашуу башка организмдин энергия (кубат) булагы катары жарык энергиясын пайдаланып, фотосинтез процессинде түрдүү органикалык бирикмелерди химиялык энергияга айландырышы м-н айырмаланат. Өсүмдүк сиңирген заттар татаал өзгөрүүлөргө учурап, энергия м-н толукталат ж-а органикалык бирикмелерге – белок, углевод, майларга айланат. Жашыл өсүмдүктөр фотосинтез процессинде көмүр кычкыл газына (СО2) ассимиляцияланып, углеводдорду пайда кылат. Өсүмдүктөгү зат алмашуу процессин изилдөөнүн жыйынтыгы селекциялык иште, агротехникалык ыкмалардын комплексин иштеп чыгууда кеңири колдонулат. Ад.: Мак-Мюррей У. Обмен веществ у человека / Пер. с англ. М., 1980.
А. Т. Акматова, И. К. Нуржанов, Т. С. Исмаилова.