ЗАСТАВА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗАСТА́ВА а с к е р д и к – 1) жүрүштө баратканда ж-а бир жерге жайгашканда аскерлерди душмандан кайтаруучу жоокерлер тобу. Жүрүштө кайтаруучу застава алдыңкы, каптал жаккы, ооруктагы, токтогон жерде кайтаруучу застава, күзөт ж-а өзүнчө күзөт застава деп бөлүнөт. Застава душмандын капысынан кол салуусунун алдын алуу, анын чалгынчысынын кирип кетишине жол бербөө, аскерлердин жайгашуусу ж-а согушка кирүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү ж. б. милдеттерди аткарат; 2) чек ара заставасы – мамлекеттик чек аранын белгилүү бир участкасын кайтаруучу штаттуу аскер бөлүкчөсү.