ЗАРЫЛ КОРГОНУУ ЧЕГИНЕН ЧЫГУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАРЫЛ КОРГОНУУ ЧЕГИНЕН ЧЫГУУ– КРдин жазык мыйзамдарына ылайык кол салуу­дан өзүн же башка бирөөнү коргоо максатында жасалган, бирок кол салуунун коомдук корку­нучтуулугунун мүнөзүнө же даражасына дал келбеген аракеттер. Бул аракеттер кылмыш ката­ры табылып, атайылап жасалган кылмышка караганда жеңил жазаланат.