ЗАРЫЛДЫК ЖАНА КОКУСТУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАРЫЛДЫК ЖАНА КОКУСТУК – материал­дык дүйнөнүн объективдүү байланыштарын көрсөтүүчү философиялык категориялар; зарылдык ку­булуштардын ички негизи – структурасы ж-а закон ченемдүүлүктөрү м-н аныкталуучу байла­ныш тиби; кокустук ушул кубулуш үчүн тыш­кы болуп эсептелген себептер м-н аныкталуучу түшүнүк. Зарылдык кубулуштун өнүгүшүнүн негизги, закон ченемдүү тенденциясын көрсөтөт; кокустук анын өнүгүшүнүн тышкы, туруктуу эмес формаларын мүнөздөйт. Зарылдык ж. кокустуктун өз ара байланышы диалектикалык мүнөздө болот: бир учурда кокустук катары көрүнгөн кубулуш, баш­ка бир жагдайда зарылдык катары чыгат; за­рылдык кокус көрүнүштөрдүн массасы аркылуу көрүнөт, кокустук зарылдыктын ишке ашуусу­нун формасы катары чыгат; кокус байланыш­тар тарыхый шарттардын өзгөрүшү м-н зарыл байланыштарга айланышы же мунун тескери­синче болушу мүмкүн.