ЗАРКУНОВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗАРКУНОВ Асан (6. 4. 1936-жылы туулган, Нарын облусу, Нарын району, Миң-Булак айылы) – педагог, КРдин эл мугалими (2004). Филология илимдеринин кандидаты (2005), Кыргыз ССР эл агартуу отличниги (1977), СССР эл агартуу отличниги (1985). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1958). 1959-жылдан Нарын районундагы манасчы Актан Тыныбек уулу атындагы мектептин мугалими, директору.

«Тыныбек манасчы» (2001); «Тыныбек манасчы боюнча мектепте сабак өтүүнүн айрым жолдору» (2001); «”Теңири Манас” – эпостун кара сөз варианты» (2003); «Чоң манасчы Тыныбек жана анын мурастары» (2005) аттуу усулдук эмгектери бар.