ЗАРГЫН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАРГЫН (Sisymbriym) – өсүмдүктөрдүн кайчы гүлдүүлөр тукумундагы уруусу; бир же көп жыл­дык чөп өсүмдүк. Жалбырагы канаттай тилке­лүү, топ гүлү – чачы, сары түстө, мөмөсү – саа­дакча. Жер жүзүндө 90дой түрү белгилүү. Кыргызстан­да 5 түрү боздоң, айдоо, бакча ж-а арык боюнда өсөт. Отоо чөп, көпчүлүгү уулуу. Эң кеңири та­ралганы – бийик заргын, лёзел заргыны, өзгөрмө заргын.