ЗАНБИ-АРТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАНБИ-АРТ – Кыргыз Ала-Тоосунда жайга­шып, Чүй өрөөнү м-н Борбордук Теңир-Тоону байла­ныштырып турган ашуунун орто кылымдардагы аталышы. Занби-Арт жөнүндө алгачкы маалымат Мах­муд Кашгаринин «Дивану лугат – ит-түрк» (Түрк тилдеринин сөз жыйнагы») деген эмгегинде эскерилген. Ал боюнча Занби-Арт Кочңор-Башы м-н Бала­сагун шаарынын ортосундагы ашуу деп түшүнүүгө болот. Сөздүктө «занби» деген сөз чегиртке, «коч­ңар» болсо кочкор (мал) экенин ж-а Кочңар- Башы деген шаар болгону эскерилет. «Кочңар- Башыны» (А. Н. Бернштам б-ча «Кочингарба­ши») белгилүү адис В. Минорский «Кочкарба­ши» деп окууну сунуш кылган. В. В. Бартольд Занби-Артты азыркы Шамшы ашуусу м-н салыштыр­ган. Орто кылымда Занби-Арт Улуу Жибек жолунун өтө маанилүү бөлүгү болуп саналганы көрүнүп турат. Аны м-н Чүйдөн Кочкорго, андан ары Ат-Башы аркылуу Торугартты ашып, Кашкар­га жетүүгө мүмкүнчүлүк болгон.



Ад.: Чоротегин Т. К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану лугат – ит-түрк» сөз жыйнагы (1072–1077). Б., 1997.


Т. Асанов.