ЗАМАЛЕТДИНОВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗАМАЛЕТДИНОВ Ильтузар Сарасович (29. 3. 1942-жылы туулган, Фрунзе шаары) – психология ж-а социология илимдеринин доктору (1991), профессор (1992). 1967-жылы КММИни бүткөн. 1967–71-жылдарда Кыргыз аскер госпиталында врач-психоневролог, 1971-жылдан Москва аскер округунун космонавттарды даярдоо борборунда психолог болуп иштеген. Россия космонавтика академиясынын корреспондент-мүчөсү (1997). 60тан ашуун ачылыштардын ж-а илимий эмгектердин автору. Медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Основы космической биологии и медицины. М.; Вашингтон, 1995.