ЗАЛКА
ЗА́ЛКА Мате (өз аты-жөнү – Бела Франкль; 23. 4. 1896, Венгрия – 11. 6. 1937, Испания) – венгр жазуучусу, СССРдеги граждандык согуштун катышуучусу (1918–20), Испаниядагы улуттук революциялык согуштун (1936–39) баатыры. Биринчи дүйнөлүк согушта (1914–18) Австрия-Венгрия армиясында, Италия ж-а Чыгыш майдандарында салгылашкан. 1920–25-жылдарда элчилик, чарбалык кызматта болгон. 1936-жылдан Испаниядагы жарандык согушка республикачылар тарабынан катышкан, согушта курман болгон. Аңгемелери 1924-жылдан жарыялана баштаган. Ал СССРдеги граждандык согуш темасын «Атчан аскер жүрүшү» (1929), «Алмалар» (1934) ж. б. чыгармаларында сүрөттөгөн. «Добердо» (1937) романында Биринчи дүйнөлүк согуштун империялык мүнөзүн ашкерелеген. Кызыл Туу ж-а Испанияны Бошотуу ордендери м-н сыйланган (өлгөндөн кийин).