ЗАЛАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАЛАЛ – КРдин жарандык укугунда жаран­дын өздүгүнө же мүлкүнө, ошондой эле юридикалык жакка келтирилген зыян. Залал келтирген жак анын ор­дун толук толтурушу керек. Мыйзам боюнча залал кел­тирбеген жакка дагы зыяндын ордун толтуруу милдети жүктөлүшү мүмкүн. Мыйзам же кели­шим боюнча залал келтирген жакка залалдын өлчөмүнөн башка ордун толтуруучу төлөм милдети жүктө­лүшү мүмкүн. Залал келтирген жак эгер келтирил­ген залалга алардын күнөөсү жок экендигин далил­десе, залалдын ордун толтуруу милдетинен бошотулат. Бирок мыйзамда залалды келтирүүгө күнөөсү жок болгон учурда да, анын ордун толтуруу учурлары каралган. Укук ченемдүү аракеттер аркылуу келтирилген залал мыйзам тарабынан ка­ралган учурларда гана орду толтурулат.