ЗАКЫМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗАКЫМ – көзгө байкала тургандай болуп леплеп соккон аба агымы. Закым жер бетиндеги аба катмары тез сууп, же тез жылып, анын тыгыздыгы тик багыт боюнча текши болбогондон келип чыгат. Мындай кубулуш чөлдүү, жарым чөлдүү аймактарда, аптап болуп турган талаада, деңиз бетинде көп байкалат.