ЗАКАВКАЗЬЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАКАВКА́ЗЬЕКавказдын бир бөлүгү. Чоң Кавказдын Башкы же Суу бөлгүч кырка тоосу­нан түштүктү карай кеткен тарабы. Чоң Кав­каздын түштүк капталынын көбүн, Колхида ж-а Кура-Аракс ойдуңдарын, Закавказье тайпак тоо­сун, Талыш тоолорун ж-а Ленкоран ойдуңун камтыйт. Закавказьеде Грузиянын басымдуу бөлүгү, Ар­мения ж-а Азербайжан жайгашкан.