ЗАДНЕПРОВСКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАДНЕПРО́ВСКИЙ Юрий Александрович (1924, Ленинград облусу, Гатчина шаары – 1999, Санкт-Петер­бург) – археолог, тарых илимдеринин доктору (1979). 1950-жылы Ленинград университетинин тарых факультетин бүтүр­гөн. СССР ИАнын археология институтунун Ленинград бөлүмүнүн улук илимий кызматкери, Фергана экс­педициясынын начальниги. Жарык көргөн 170ке жакын илимий эмгегинин көбү Кыргызстандын байыркы тарыхына, ошондой эле археологиясына ар­налган. Кыргызстан м-н Өзбекстандын аймагына 30 жолу археологиялык экспедиция жасаган. Соңку ко­ло доорунун Чуст маданиятына таандык байыркы эстеликтерди, б. з. ч. 4–1-кылымдарга таандык Шоро- Башат маданиятынын, Өзгөн, Мады, Ош ту­рак жайын ж. б. жерлерди казып, изилдеген. Байыркы мезгилдеги көчмөндөрдүн тарыхын ж-а мад-тын изилдөөгө чоң салым кошкон. Анын изилдөөлөрүнүн негизинде Ош шаарынын ба­йыркы шаар экендиги аныкталып, Ош шаарынын 3000 жылдык мааракеси өткөрүлгөн (2000).

Эмг.: Основные этапы истории культуры Южного Кыргызстана в свете новых данных (1976–1984 гг.) // Древний и средневековый Кыргызстан. Б., 1996. Ошское поселение к истории Ферганы в эпоху поздней бронзы. Б., 1997. К трехтысячелетию г. Ош //Новые исследования археологов России и СНГ. СПб., 1997.