ЗАГРОС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАГРО́С – Ирандагы тоо тутуму, Иран тайпак тоосунун түштүк-батышында. Узундугу 1600 кмдей, туу­расы 200–300 км, бийиктиги 4548 мге чейин (Зерд­кух чокусу). Негизинен акиташ ж-а сланец тоо­тектеринен түзүлгөн. Түндүк-батыштан түштүк-чы­гышка карай жарыш созулган бир нече тоо тиз­мегинен турат. Алар кууш өрөөндөр м-н бөлүн­гөн. Карст кубулушу өөрчүгөн. Тоолуу чөл өсүм­дүктөрү, түндүк-батышын бадал ж-а сейрек токой ээлейт, өрөөндөрүндө шор жерлер, көл бар. Нефть кендери ачылган.