ЗЁЙДЕР-ЗЕ БУЛУҢУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЁЙДЕР-ЗЕ БУЛУҢУ (голландча Zuiderzee – «Түштүк деңиз» деген мааниде) – Түндүк деңизде­ги булуң. Нидерланддын жээгинде. Батыш Фриз аралы аркылуу деңизден бөлүнөт. Булуң 1282-жылы кургактык чөгүп, аны суу жайпап калышынан пайда болгон. Жээктери түзөң, саздуу, плотина жана тосмо менен бекемделген. Зёйдер-Зе булуңу шлюз тос­мо аркылуу Вадден-Зе (түндүк бөлүгү) жана Эйс­селмер (түштүк) булуңдарына бөлүнөт. Тереңди­ги 3–4 м, кеме жүрчү жери 8–24 м. Ташкындоо­нун бийиктиги 1,4–1,9 м. Ири порту – Амстердам.