ЖҮЗ БАШЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮЗ БАШЫ – орто кылымдарда түрк тилдүү эл­дерде колдонулган аскер наамы. Алгач миң жоо­кер жүздүктөргө, жүздүктөр ондуктарга бөлүнүп, миңдиктердин башында миң башы, жүз жоо­керге жүз башы, ондуктарга он башылар башчылык кылышкан. 19-кылымда Борбордук Азияда колдонулган акимчилик кызматка байланыштуу мурунку аскер наамдары м-н кошо жүз башы наамы Ок­тябрь революциясына чейин сакталган.