ЖЫЛГЫН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛГЫН – Жалал-Абад облусунун Аксы районун­дагы кыштак. Сары-Челек айыл аймагына ка­раштуу. Кожо-Ата суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 1060 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Кербен шаарынан 61 км түндүк-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 61 км. Калкы 1458 (2025); негизинен мал жана дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар. ФАП, туристтик база иштейт.