ЖООН-КҮНГӨЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖООН-КҮНГӨЙ , А р х а н г е л – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Көк-Арт айыл аймагына караштуу. Жалал-Абад – Казарман автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1480 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 67 км түндүк-чыгыш тарапта. Багыш темир жол бекетинен 30 км. Кыштак 1938-жылы негизделген. Калкы 3601 (2025); негизинен мал жана дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, почта бөлүмү, китепкана, ФАП бар. Соода түйүндөрү, мончо, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.