ЖОН-АРЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОН-АРЫК – Талас районундагы кыштак. Кең-Кол айыл аймагына караштуу. Талас суу­сунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1300 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Көк-Ой кыштагынан 7 км чыгыш тарапта. Жамбыл темир жол бекетинен 110 км. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 2975 (2025); негизинен дыйканчылыкта эмгек­тенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.