ЖОЛ-САЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛ-САЙ – Жалал-Абад облусунун Аксы районун­дагы кыштак. Сары-Челек айыл аймагына ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 1080 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Кербен шаарынан 55 км түндүк-чыгыш тарапта. Үч-Коргон темир жол бекети­нен 110 км. Калкы 1531 (2025); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет.