ЖИЙДЕ (Ноокат районундагы кыш­так)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИЙДЕ – Ош облусунун Ноокат районундагы кыш­так. Көк-Жар айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1275 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Ноокат шаарынан 20 км батыш тарап­та. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 30 км. Кыштак 1900-жылы негизделген. Калкы 5941 (2025); неги­зинен дыйканчылыкта жана мал чарбачылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар. ФАП иштейт.