ЖЕҢИШ (Лейлек районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕҢИШ – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Ак-Суу айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 850 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору – Раззаков шаарынан 35 км түндүк-батыш тарапта. Үч-Коргон (Өзбекстан) темир жол бекетинен 18 км. Кыштак 1952-жылы негизделген. Калкы 1873 (2025); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, клуб, китепкана бар. Соода борбору, ФАП, мончо иштейт.