ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУ
ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУ Ысык-Көл облусундажайгашкан. 1930-жылы бир нече болуштуктар биригип, Жети-Өгүз жана Покровка райондору болуп уюшулган. 1959-жылы эки район биригип, Жети-Өгүз району аталып калган. (1962-жылы Ысык-Көл облусу жоюлганда Тоң районуна кошулуп, түздөн-түз баш ийүүдө болгон. 1965-жылы кайра бөлүнгөн). Чыгышынан Ак-Суу, батышынан Тоң райондору, түштүк-батышынан Нарын облусу, түштүк- чыгышынан Кытай менен чектешип, түндүгүнөн Ысык-Көл чулгайт. Аянты 14,0 миң км2. Калкы 102 381 (2025). Борбору – Кызыл-Суу кыштагы.
Райондун аймагы негизинен тоолуу; рельефине жараша 2 зонага бөлүнөт: түздүктүү түндүк (Ысык- Көлдүн жээк түздүгү жана Тескей Ала-Тоонун түндүк этеги, анын өрөөн, капчыгайлары) жана Тескей Ала-Тоо менен Какшаал тоо тизмегинин аралыгында жаткан Ысык-Көл сырты. Негизги тоо тармактары: Тескей Ала-Тоо (райондун аймагындагы эң бийик жери Ит-Тиш чокусу, 4808 м),


Ак-Шыйрак тоо тоому (5125 м), Борколдой кырка тоосу (5170 м), Жетим-Бел кырка тоосу (4627 м), Какшаал тоо тизмеги (5200 м). Негизги өрөөндөрү: Ысык-Көл өрөөнү, Жогорку Нарын өрөөнү (Кара-Сай, Тарагай), Үч-Көл – Сары-Чат өрөөнү жана башкалар. Алар деңиз деңгээлинен 1608 мден (Ысык-Көл өрөөнү) 3200 м бийиктикке чейин (Ара-Бел өрөөнү) жайгашкан. Тескей Ала-Тоо менен Какшаал тоо тизмегинин аралыгында деңиз деңгээлинен 2500 мден жогору күдүрлүү кенен аймак – Сырт, Ысык-Көл сырты жайгашкан. Кен байлыктары: калий, алтын (Кум-Төр), вольфрам, коргошун, графит, темир, ошондой эле минералдуу жылуу булактар (к. Жети-Өгүз минералдуу суусу макаласын), курулуш материалдары жана башкалар. Райондун Ысык-Көл жак бөлүгүндө деңиздик-тоо, Сыртка кескин континенттик климат мүнөздүү. Ысык-Көл өрөөнүнүн жайы салкын (июлдун орточо температурасы 17,5°С), кышы жумшак (январдыкы –2,9°С). Сырттын кышы узак жана суук (январдыкы –22°С), жайы кыска жана салкын (июлдуку 5°С). Жылдык жаан-чачыны Ысык-Көл өрөөнүндө 350–500 мм, Сыртта 200–300 мм. Тоолору мөңгүлүү, алардан Нарын, Сары-Жаз, Үзөнгү-Кууш, Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон жана башка суулар башталат. Майда көлдөрү бар. Топурак менен өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт. Негизинен жарым чөлдүү кургак талаа, талаа-шалбаа, токой (негизинен карагай), субальп, альп, бийик тоолуу тундра, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Аймагынын бир бөлүгү Ысык-Көл биосфералык резерватына кирет; Жети-Өгүз корукчасы уюшулган.
Калкы облустун калкынын 18,7%ин түзөт; көп улуттуу. Негизинен кыргыз (87,3%), орус (7,4%), дуңган (2,4%), украин (0,5%) жана башка улуттар жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 5,7 киши. Көбү көл кылаасында отурукташкан. Райондо 13 айыл аймагы, 43 кыштак бар.
Чарбасынын негизги тармагы – айыл чарбасы; 1149 дыйкан чарбасы, Оргочор асыл тукум мамлекеттик заводу, Жети-Өгүз мал бордоо чарбасы, мөмө-жемиш питомниги иштейт. Кийинки жылдары малдын санынын кыйла кыскарып кеткендигине карабастан, Жети-Өгүз району малынын саны боюнча облуста 1-орунда, 32,6 миң уй (сааны 16,5 миң), 157,1 миң кой-эчки, 17,1 миң жылкы, 2,2 миң чочко, 750,1 миң үй кушу болгон. 2006-жылы 9,1 миң т эт, 37,9 миң т сүт, 1,4 млн даана жумуртка, 536 т жүн даярдалган. Сырттын жайыты кенен болгондугуна карабастан анын алыс жайгашкандыгына байланыштуу чарбада чектелүү гана пайдаланылууда. Райондун чыгыш бөлүгүнүн табияты чарбачылыкка ыңгайлуу болгондуктан, анда айыл чарбасы өнүккөн. Айыл чарбасынын негизги продукциясын дан эгиндери, ошондой эле картөшкө түзөт. Айдоо жеринин дээрлик 70,0%ин дан эгиндери жана көп жылдык тоют өсүмдүктөрү ээлейт. Райондун бардык жер аянты 1,4 млн га, анын ичинде айыл чарбага жарактуу жери 486,0 миң га, айдоо жери 42,5 миң га, чабындысы 877 га, жайыты 484,1 миң га. 2006-жылы 13,1 миң га дан эгиндери, 14,5 миң га көп жылдык чөп, 2,6 миң га бир жылдык чөп, 3,6 миң га силос үчүн жүгөрү, 0,8 миң га картөшкө, 0,1 миң га жашылча айдалган. Дыйканчылыктан 2006-жылы 33,7 миң т дан, 194,9 миң т картөшкө, 11,0 миң т жашылча, 9,4 миң т мөмө-жемиш жыйналган. Негизги өнөр жай ишканалары: Кум-Төр алтын комбинаты, Кызыл-Суудагы «Ак-Жалга» АК (сүт, быштак), «Шербет» жоопкерчилиги чектелген коому жана кыш, нан заводдору, ошондой эле айыл-кыштактардагы тегирмендер, май сыгуучу ишканалар жана башкалар. Райондун өнөр жай ишканалары 2008-жылы («Кум-Төр» алтын комбинатын кошкондо) 180,5 млн сом (облустун 93,3%, республикасынын 21,7%) продукция өндүргөн. Райондун аймагы аркылуу Ысык-Көлдү айланта курулган эл аралык маанидеги автомобиль жолунун бир бөлүгү, көлдүн түштүк жээгин бойлоп, Бөкөнбаев – Кызыл-Суу – Каракол аркылуу өтөт. 2008-жылы автомобиль транспорту менен 399,9 миң т (облустун 9,3%,) жүк ташылып, жүргүнчү ташуунун жүгүртүлүшү 73,5 млн жүргүнчү-километр (11,8%) болгон. Райондо калкка көрсөтүлүүчү тейлөөнүн көлөмү 69,0 млн сомду (4,9%) түзгөн.
Район туризм сектору боюнча облуста Ысык-Көл районунан кийинки 2-орунда турат. Мында көл жээгиндеги күнөстүү пляждардан сырткары табигый ажайып кооз жерлер (Жети-Өгүз өрөөнүндөгү Көк-Жайык, Жарылган жүрөк, Кызыл-Жар аскалары, Жууку, Кызыл-Суу сыяктуу өрөөндөр жана башкалар), Жети-Өгүз курорту, Ысык-Көл, Тамга санаторийлери туристтерди жана эс алуучуларды кышы-жайы кабыл алат. Тарыхый эстеликтерден 7–15-кылымдарга таандык Барскоон шаар чалдыбары бар. Райондун аймагы аркылуу Бишкек – Балыкчы – Каракол (көлдүн тескейи менен), Барскоон – Ак-Шыйрак, Барскоон – Кум-Төр автомобиль жолдору өтөт. Кызыл-Сууда пристань, Тамга айылында аэропорт бар.
Райондо 28 орто, 8 негизги (1 жатак мектеп), 2 башталгыч мектеп бар; анда 18,3 миң окуучу окуйт. Ырдык, Богатыровка, Липенка, Оргочор, Светлая Поляна, Тамга жана башка кыштактарында окуу орус-кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Райондогу 8 мектепке чейинки балдар мекемелеринде 155 бала тарбияланууда. Эки кесиптик-техникалык окуу жайы (Кызыл-Суу, Барскоон кыштактарында), райондук борбордук китепкана жана анын бөлүмдөрү жана башка маданият мекемелери бар. Кыргыз жана орус тилдеринде «Жети-Өгүз жаңылыгы», «Жети-Огузская новь» гезиттери чыгат. Райондук оорукана (275 орундуу), бейтапкана, балдар бейтапканасы, участкалык ооруканалар (Кара-Сай, Караколка, Тамга, Жети-Өгүз, Ак-Шыйрак кыштарында), 22 ФАП, 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана башкалар иштейт. Район боюнча 113 врач, 511 медициналык орто билимдүү адис, анын ичинде санитария эпидемиологиялык станцияда 14 врач, 49 медициналык орто билимдүү кызматкерлер эмгектенет.
А. Мырзаев, З. Бейшеев.