ЖЕТИ-СУУ КАПКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-СУУ КАПКАСЫ , Ж у ң г а р ө т к ө ө­ л ү – Жети-Суу (Жунгар Ала-Тоосу (батышын­да) менен Барлык жана Майлы-Тоо кырка тоолору­нун (чыгышында) аралыгындагы өткөөл. Рос­сиянын Кытай менен чек арасына жакын. Бал­каш – Ала-Көл өрөөнүн Жети-Суу (Жуңгар) түздүгү менен туташтырат. Узундугу 50 кмдей, эң кууш жери 10 км, бийиктиги 300–400 м. Жарым чөл ландшаф­ты үстөмдүк кылат. Илгертен көчмөндөр кеңири пайдаланып келген. Жети-Суу капкасы аркылуу Актогай – Дружба темир жолу өтөт.