ЖЕТИМ-ТОО ТЕМИР КЕНТАШТУУ ФОРМАЦИЯСЫ
ЖЕТИМ-ТОО ТЕМИР КЕНТАШТУУ ФОРМАЦИЯСЫ , Ж е т и м ф о р м а ц и я с ы – Ортоңку Теңир-Тоонун басымдуу бөлүгүндө жер бетине чыгып жаткан темир кенташтуу жанар тоо-терриген тоо тектеринин калың катмарлары. Ортоңку Теңир-Тоодо, айрыкча Жетим кырка тоосунда кеңири тараган. К. С. Сагындыков аларды өз алдынча геологиялык формация катары бөлүп (1967), Жетим кырка тоосунун аты менен атаган. Формация мурсаш менен жетим сериясынан түзүлгөн. Анын астында плагиограниттер, ар түрдүү эффузивдер, көмүртек-чополуу сланецтер, трахибазальттар, трахиандезиттер, трахидациттер, трахиттердин туф-лавалары, туфтар, туфиттер жатат. Формацияда темир (Жетим темир кенташ бассейни) жана марганец (Жакболот, Арчалы кендери) кенташтары бар. Формация жана андагы кен К. С. Сагындыковдун изилдөөсү боюнча Жердин байыркы экватор алкагында, байкал бүктөлүүсү мезгилинде жанар тоолор дайыма атылып турган учурда жанар тоо-чөкмө түрүндө пайда болгон.
Ад.: Сагындыков К. Вендская (нижнекембрийская) вулканогенно-терригенная железорудная формация типа Джетым-Тоо // Формации позднего докембрия и раннего палеозоя Северной Киргизии. Ф., 1967; его же. Строение и состав мурсашской и джетимской серий срединного Тянь-Шаня // Изв. АН Кирг. ССР. 1976, №1.