ЖЕР ЭЛЛИПСОИДИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР ЭЛЛИПСОИДИ – геоид фигурасына эң ок­шош айлануу эллипсоиди; анын көлөмү жана Жер тулкусундагы абалы градустук ченөө, тартылуу күчүнүн ылдамдануусун өлчөө жана Жердин жа­салма жандоочусу аркылуу байкоо менен аныкта­лат. Ал геодезия, картография жана башкалардын илимий жана практикалык маселелерин чечүү үчүн кабыл алынган. КМШда жана башка айрым өлкөлөрдө Кра­совскийдин эллипсоиди колдонулган. Анын өлчөмү: чоң жарым огу (экватор радиусу) 6378245 м, уюлдук кысылуусу 1:298.3; багыт алышы Пулков обсерваториясынын башкы за­лынын борбору аркылуу өткөн узундук менен аныкталат.