ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ АЙМАГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ АЙМАГЫ – табигый географиялык аймак (өлкө). Пиреней, Апеннин, Балкан жарым аралдарын, Кичи Азиянын түштүк жана батыш бө­лүктөрүн, Сирия, Палестина жээктерин, Афри­канын түндүк жээгин (Атлас тоолорунун көп бө­лүгүн) жана Жер ортолук деңиздеги аралдарды камтыйт. Аянты 4 млн км2дей. Альп бүктөлүү (геосинклиналдык) облусуна кирет; активдүү жер титирөө болот; аракеттеги жанар тоолор бар (Этна, Везувий, Стромболи). Түндүк бөлүгүнүн ре­льефине орто бийик тоолордун, бөксө тоолор­дун жана дөңсөөлүү түздүктөрдүн айкалышы мүнөздүү; карст рельефи да кеңири таралган (мисалы, Динара тайпак тоосунда ж. б.). Жер ортолук деңиз аймагынын африкалык бөлүгүндө катмарланган түзү­лүштөгү түздүктөр басымдуу. Субтропиктик жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү, жаан-чачын кышында арбын жаайт, жайы кургакчыл. Ян­вардын орточо температурасы түндүк-чыгышында 0–2°С, түштүгүндө 10–12°С, июлдуку түндүгүндө 19– 20°С, түштүгүндө 28–30°С. Түздүктөрүнө жылы­на 300–400 мм, тоолоруна 3000 ммге чейин жаан-чачын жаайт. Түштүктү жана чыгышты карай климаттын кургакчылыгы күчөйт. Веге­тация мезгили узакка (7 айдан ашык) созулган­дыктан, субтропиктик өсүмдүктөрдү өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, бирок суунун тартыштыгы­нан дыйканчылык жана бак-дарак өстүрүү чекте­лет. Дарыяларынын суусу жайында өтө тарты­лат; сугатка кеңири пайдаланылат. Негизги дарыялары: Эбро, Рона, По, Марица, Нил. Өсүм­дүктөрдөн ксерофилдик дайыма жашыл жер ортолук деңиздик бадалдар (маквис, фригана, гарига) басымдуу; ошондой эле катуу, жазы жана ийне жалбырактуу токой массивдери да (негизинен тоолордо) кездешет. Жер ортолук деңиз аймагынын африкалык жана азиялык бөлүктөрүндө жарым чөл жана чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү. Буудай, жүгөрү, май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт; бак-дарак, жүзүм­зар, цитрус өсүмдүктөрүнүн плантациялары ке­ңири аянтты ээлейт. Тоолуу бөлүктөрүндө мал чарбасы (негизинен кой чарбасы), жээк суула­рында балыкчылык (сардина, тунец) өнүккөн. Жээктеринде деңиз курорттору (Ривьера) арбын. Жер ортолук деңиз аймагы (Средиземье) – антикалык цивилиза­ция өнүккөн тарыхый аймак.

Ад.: Грацианский А. Н. Природа Средиземноморья. М., 1971; Ерамов Р. А. Физическая география Зару­бежной Европы. М., 1973; Физическая география ма­териков и океанов. М., 1988; Притула Т. Ю., Ерёми­на В. А., Спрялин А. Н. Физическая география ма­териков и океанов. М., 2004.

Ө. Бараталиев.