ЖЕР-ҮЙ АЛТЫН КЕНИ
ЖЕР-ҮЙ АЛТЫН КЕНИ Талас районунда, Кара-Ой кыштагынан 26 км аралыкта, Талас кырка тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3205–3710 м бийикте жайгашкан. 1969-жылы табылган. 1974–84-жылдарда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, кору бекитилген. Кен аймагы кембрий-ордовик мезгилиндеги кварцтуу диориттерден, кварцтуу сиенит-диориттерден, монцодиориттерден, дайкалар менен жирелген рифейдеги мраморлордон, доломиттерден, сланецтерден, филлиттерден жана ордовиктеги аларды жаап жаткан андезиттүү порфириттердин туфтарынан турат. Кенташ линза, уя, тарам, тарамча түрүндөгү алтындуу кварц, метасоматоз жолу менен кварцташкан тектер менен байланышкан. Кенташ тулкуларынын чогулушу штокверктерди түзөт. Негизги минералдары: нак алтын, висмутин, пирит. Алтындан башка күмүш, висмут кездешет. Кенташтагы алтындын орточо өлчөмү 6,3 г/т; запасы 74,684 т.