ЖЕР-КАЗАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР-КАЗАР – Чүй облусунун Ысык-Ата районунда­гы кыштак. Узун-Кыр айыл аймагына караш­туу. Деңиз деңгээлинен 670 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 18 км түндүк-батыш тарапта. Кыштак 1923-жылы оту­рукташкан. Калкы 2043 (2025); негизинен дый­канчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китеп­кана, клуб, стадион, турмуш-тиричилик ком­бинатынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Айдарбеков туулган.