ЖЕРДИН МАГНИТ УЮЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРДИН МАГНИ́Т УЮЛДАРЫ , г е о м а г н и т т и к у ю л д а р – магниттик багыт сызыктарынын жер бетинде кошулган чекиттери. Жер шары магниттелген дипол сфе­расы болгондуктан, диполдун маг­ниттик огу менен 11,5°ка жакын бурчту түзөт. Жердин магнит уюлдары географиялык уюл­дарга жакын тереңдикте жайгашат, бирок алар менен кошулбайт. Жердин магнит уюлдары түндүк жана түштүк магниттик уюлдар деп аталып, жер­деги магнит талаасынын кылымдык өзгөрүшүнө байланыштуу убакыт өткөн сайын орун кото­рот. Уюлдардын орду Жердин магнит потенциа­лын эсептөө менен аныкталат. Алардын координа­талары (1975): Түндүк жарым шарда түндүк кеңдик боюнча 75°53, батыш узундугу боюнча 100°231; Түштүк жарым шарда түштүк кеңдик боюнча 66°061, чыгыш узундугу боюнча 139°361.