ЖЕРГЕ-ТАЛ (Сузак районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕРГЕ-ТАЛ, М и х а й л о в к а – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Көгарт айыл аймагынын борбору. Деңиз деңгээлинен 1200 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 40 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 35 км. Калкы 6886 (2025); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар. Оорукана, поликлиника, ФАП, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, мончо, ашкана иштейт.