ЖЕРГЕ-ТАЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕРГЕ-ТАЛ (таж. Ҷиргатол, 2016-жылдан Ваҳдат) – Тажикстандагы кыргыздар жашаган Жерге-Тал районунун (таж. Ноҳияи Ҷиргатол) административдик борбору, кыштак. Кара-Тегин өрөөнүндө жайгашкан. Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан 284 км чыгыш, Ош шаарынан 350 км түштүк-батыш тарапта. Негизинен кыргыздар, ошондой эле орустар да жашайт. Кыштакта кесипчилик окуу жайы, 2 орто мектеп, 2 китепкана, оорукана, маданият үйү бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Кыштак 10. 03. 1931-жылы уюшулуп, 1939–1955-жылдары Гарм облусунун курамында болгон. 03. 03. 2016-жылдан Жерге-Тал районунун аталышы Лахш болуп алмашылган.