ЖАҢЫ-ТАЛАА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ТАЛАА – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Карагуз айыл округуна ка­раштуу. Тар суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1220 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ка­ра-Кулжа кыштагынан 20 км түштүк-батыш тарап­та. Кара-Суу темир жол бекетинен 114 км. Кыштак 1961-жылы отурукташкан. Калкы 1195 (2025); не­гизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мек­теп, китепкана, оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Тегирмен, май жуаз, пилорама, мончо иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.