ЖАҢЫ-НООКАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-НООКАТ – Ош облусунун Ноокат районун­дагы кыштак. Жаңы-Ноокат айыл округуна ка­раштуу. Кичи Алай кырка тоосунун этегинде, Чили-Сай суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1490 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 10 км батыш тарапта. Ош темир жол бекети­нен 50 км. Кыштак 15-кылым ченде пайда болгон. Калкы 6097 (2025); негизинен дыйканчылык­та эмгектенип, мал чарбасы менен алектенет. Эки орто мектеп, китепкана, клуб, соода түйүндөрү, дарыканалар бар. Бир акционердик коом, 2 ФАП, төрөт үйү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт. Кыштактын түштүк тарабында таштагы байыркы жазуулар сакталган.