ЖАҢЫ-КОРГОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-КОРГОН – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Бирлик айыл аймагына ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 1920 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 45 км. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 90 км. Калкы 1474 (2025); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.