ЖАҢЫ-АРЫК (Жумгал районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ЖАҢЫ-АРЫК 2 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АРЫК – Нарын облусунун Жумгал районун­дагы кыштак. Куйручук-Кызарт айыл округуна ка­раштуу. Базар-Турук суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2150 м бийиктикте жайгашкан. Район­дун борбору Чаек кыштагынан 45 км чыгыш тарап­та. Балыкчы темир жол бекетинен 135 км. Кыштак 1928-жылы негизделген. Калкы 1078 (2025); негизи­нен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматы­нын бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.