ЖАҢЫ-АРЫК (Жумгал районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-АРЫК – Нарын облусунун Жумгал районундагы кыштак. Куйручук-Кызарт айыл округуна караштуу. Базар-Турук суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2150 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыштагынан 45 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 135 км. Кыштак 1928-жылы негизделген. Калкы 1078 (2025); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.