ЖАҢЫ-АРЫК (Араван районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АРЫК – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Достук айыл округуна караштуу. Де­ңиз деңгээлинен 940 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 16 км түштүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 27 км. Кыштак 1900-жылы не­гизделген. Калкы 2659 (2025); негизинен дый­канчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китеп­кана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бө­лүмдөрү, ФАП, тегирмен, мончо иштейт.