ЖАРЫМ ШАРЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫМ ШАРЛАР, Ж е р ж а р ы м ш а р л а­р ы – Жер шарынын сфералык бетинин кан­дайдыр бир белгилер боюнча ажыратылган эки бөлүгү. Экватор аркылуу Т ү н д ү к жана Т ү ш ­т ү к, меридиан (160° чыгыш жана 20° батыш узундугу) боюнча Б а т ы ш жана Ч ы г ы ш жарым шарга бөлүнөт. Океан же кургактыкты ээлеши боюнча О к е а н­ д ы к жарым шарларга (ортосу Жаңы Зеландиянын түндүк-чыгыш тарабы болуп эсептелет) жана М а т е ­р и к т и к жарым шарга (ортосу Франциянын түндүк-батышы) ажыратылат. Кыргызстан Түндүк жарым шарда 39°15′ менен 43°16′ түндүк кеңдиктердин, 69°15′ менен 80°18′ чыгыш узундуктардын аралыктарын­да жайгашкан.