ЖАН-БУЛАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАН-БУЛАК – Нарын районундагы кыштак. Жан-Булак айыл округуна караштуу. 1936-жылы Жан-Булак кыштагына Мээнеткеч, Кызыл-Үңкүр, Жал­гыз-Тал, Таш-Булак кыштактары кошулган. Кара-Тоо менен Ала-Мышык тоосунун кошулган жеринде, Нарын дарыясынын сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1830 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 24 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 204 км. Кыштак 1907-жылы негиздел­ген. Калкы 2594 (2023); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүм­дөрү, соода түйүндөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, оорукана иштейт.