ЖАНАРТОО-ЧӨКМӨ КЕНДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНАР ТОО-ЧӨКМӨ КЕНДЕР – деңиз менен океан түбүндө атылган жанар тоолордон чык­кан минералдык заттардын жыйылып, деңиз чөкмөсү менен бирге пайда болгон кендер. Жанар тоо-чөкмө кендерге темир, марганец жана колчедан кенташта­ры, айрым илимпоздордун изилдөөлөрү боюнча боксит менен фосфориттердин кендери кирет. Алар лава, күл (чаң, кум) жана кремнийлүү тоо тектер­дин деңиз чөкмөлөрү менен аралашып жаткан калың катмарларында кабат же желвак түрүндө кезигет. Бардык геологиялык мезгилдердеги тоо тектер­де жолугат. Кыргызстандагы Жетим темир кенташ бассейни, Арчалы марганец кени, Жакболот мар­ганец кени жана башка жанартоо-чөкмө кендерге кирет.