ЖАНАРТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНАР ТОО, в у л к а н (латынча vulcanos – от, чок, жалын; байыркы римдиктердин мифоло­гиясындагы от кудайы) – терең жаракалар ар­кылуу жер кыртышынын түпкүрүнөн көтөрүлүп чыккан балкыган ысык магманын кыймыл­ аракетинен пайда болгон конус сымал дөбө (к. сүрөт). Магманын курамында өтө жогорку температурадагы газ, суу буусу, ыш, түтүн, күл, тал­каланган кесек тектер, эриген абалдагы мине­рал заттар (лава) көп санда кездешет. Мезгил­-мезгили менен жер бетине атылып чыгып турат. Айрымдары тынымсыз аракетте болот. Аракет­теги, өчүп бара жаткан, дымыган, толук өчкөн түрлөргө бөлүнөт. Аракеттеги жанар тоо туруктуу же мезгилдүү болот. Жанар тоонун сырткы түзүлүшү конус сымал болуп, чокусунда чуңкур (чанак, кратер) кездешет. Ал тереңдиктеги магма очогу менен өзөк (жерло) аркылуу байланышат. Жанар тоо атылуусу токтогондо өзөгү лава же талкаланган тектер­дин сыныгы менен бүтөлүп калат.
Жанар тоо б о р б о р д у к жана ж а р а к а түрүндө болот. Борбордук жанар тоо конус түспөлүнө ээ болуп, өзөгү тереңдиктеги магма очогу менен байланы­шат. Күчтүү атылууларды пайда кылат. Аты­луу күркүрөгөн үн менен башталып, жер силки­нет. Булактар соолуйт же жаңы булактар ке­лип чыгат. Тоо капталдары терең жарылып, ысык газдар менен суу буулары көтөрүлөт. Чанак-

Жанар тоонун түзүлүш схемасы (жара кесилиши): 1 – чокудагы чуңкур (кратер); 2 – магма көтөрүлүп чыгуучу өзөк (жерло); 3 – капталда шлак дөбөчөлөрү; 4 – капталдык өзөк; 5 – дайка, 6-, 7 – жаракалар; 8 – катмар арасындагы интрузия (силл); 9 – лава кабатчалары; 10 – тефр кабатчалары; 11 – лава агымы; 12 – борпоң чөкмө тектер; 13 – жер кыртышын түзүүчү тоо тектер; 14 – үстүнкү магма очогу; 15 – Жердин үстүнкү мантиясынын тектери; 16 – тереңдиктеги магма очогу


тан чыккан түтүн бир нече км бийиктикке же­тет, жер бетин каптайт. Чагылган чартылдап, күн күркүрөйт. Ысык кара нөшөр жамгыр көнөктөп жаайт. Чанактан лава агып чыгып, үйдөй таштар, жанартоо бомбалары асманга атылат.
Жер бетин каптаган, ысык күл, чаң, кум ка­лыңдыгы бир нече мге жетет. Бардыгын куйка­лап таштайт. Кээде ондогон км аралыкка же­тип, борпоң катмарга айланат. Күл, чаң, түтүн, ыш аралашкан тумандан күндүн бети көрүнбөй калат. Тоолордон таш кулайт, көчкү жүрөт, өрт чыгат. Акырында кратерден чоктой балкыган ысык масса (лава) жогору көтөрүлүп чыгып, дөбөнүн капталдарынан агат. Эгерде борбордук жанар тоо океан-деңиз түптөрүнөн орун алса, газ менен суу буулары бийик көтөрүлүп, шлак менен пемза, күл суу үстүндө калкыйт. Суунун температурасы көтөрүлөт. Кээде лава көп санда агып чыгып, жаңы аралдарды пайда кылат. Жанар тоодон бөлүнүп чыккан заттар катуу, суюк, газ абалында бо­лот. Катуу заттарга талкаланган тектер, лапил­ла, жанар тоо бомбалары, кум, шагыл, күл кирет. Кра­тердин кырбуусунан агып чыккан лава суюк зат болуп эсептелет. Ал эми суу буулары, аммиак, метан, көмүр кычкыл газы, күкүрттүү суутек жана башка газ абалындагы зат болуп эсептелет. Жа­рака жанар тоолорунда лава терең жаракалардан чы­гып жай агып турат. Күчтүү атылууларды пай­да кылбайт. Кээ бир жанар тоо лавасы жок эле күчтүү атылууга дуушар болот. Натыйжада жер асты­нан күчтүү басым менен көтөрүлүп келе жаткан газ­дар жолунда кездешкен тектерди талкалайт. Тал­каланган кесек бөлүкчөлөр чанакты курчап калат. Ортосунан жайык чуңкур орун алат. Мындай чуң­кур маар деп аталат. Маарга суу толуп, чакан көлгө айланат. Эгерде жайык чуңкурдун диаметри ондо­гон кмге жетсе, аны кальдера дейбиз.

Ад.: Влодавец В. И. Вулканы Земли. М., 1973; Апродов В. А. Вулканы М., 1982; Действующие вулканы Камчатки. М., 1991. Т. 1–2.

Ч. Иманалиев.