ЖАМГЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМГЫР – суу тамчысы түрүндө жер бетине түшүүчү жаан. Жаан адатта муздак тамчылар менен муз кристаллдарын 0°тан төмөнкү температурада кармап турган аралаш булуттардан пайда бо­лот. Булуттагы муз кристаллдары каныгуудан бара-бара чоңоюп, салмагы оордоп, булуттан бөлүнөт. Атмосферанын төмөнкү катмарында алар эрип, тамчыга айланат. Майда тамчылардын ко­шулушу да жаандын пайда болушуна көмөкчү. Ал кыска убакытка жана узакка созулуп, тыным­сыз же мезгил-мезгили менен жаап, к а р а жамгыр (чоң-чоң тамчылуу, кыска мөөнөткө созулган жамгыр), а к жаан (майда тамчылуу, узакка созул­ган жамгыр), н ө ш ө р (тамчы тез ылдамдык менен түшүп, катуу жааган жамгыр), ө т к ү н (бат эле жаап өткөн жамгыр) болуп бөлүнөт. Орто Азиянын түздүктөрүндө жана тоо этектеринде жамгыр жылдын бардык мезгилинде жаашы мүмкүн; жамгырлуу күндөр кар жааган күндөрдөн 2–3 эсе көптүк кылат.