ЖАМАЛ КАРШИ
ЖАМАЛ КАРШИ , Абу-л-Фадл ибн Мухаммад Жамал ад-Дин Карши (1230–31, Алмалык – 1315, ошол эле жер) – орто кылымдардагы перс (фарси) акыны, тарыхчы. Баштапкы билимди Чагатай мамлекетинин борбору Алмалык шаарынан алып, вилайетти бийлеген Сугнак тегиндин баласына тарбиячы болуп, ак сарайда иштегендиги үчүн «Карши» («Ак сарайлык») аталып кеткен. Кийин Газна жана Гератты бийлеген султан Махмуд аз-Зувалиге катчы катары кызмат кылган. 1264-жылы Кашкарга келген, 1282-жылы орто азиялык тилчи-илимпоз Абу Наср Исмаил ал-Жаухаринин (1002–07-жылдар аралыгында өлгөн) арабча жазылган «Ас-Сурах» сөздүгүн фарсы тилине которуп, араб тилинде ага кошумча «Мулхакат ас-сурах» («Дааналык эмгегине кошумчалар») деген эмгегин жазган (1302–1306). Анда азыркы Кыргызстандын аймагында өкүм сүргөн Караханиддер мамлекети жөнүндө баалуу маалыматтар бар.
Ад.: История Казахстана в персидских источниках. Том 1. Джамал ал-Карши. А., 2005.