ЖАКЫПБЕК Ниязбек уулу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАКЫПБЕК Ниязбек уулу (18-кылымдын 2-жары­мы – 19-кылымдын 1-жарымы) – бугу уруусунун аты­нан орус падышалыгына жиберилген алгачкы элчиликтин өкүлү. 1813-жылы 7-сентябрда Миркур­бан Ниязов жетектеген кербен Семейден Турпанга (Чыгыш Түркстан) баратып, Ысык-Көл кылаа­сына токтоп өткөн. Ичинде А. Л. Бубенов бол­гон бул кербенди жергиликтүү бугу уруусунун төбөл­дөрү жылуу тосуп алып, тийиштүү сүйлөшүү­лөрдөн кийин Россия империясы менен байланыш түзүү жөнүндө сибирдик бийликке расмий кайры­лууга макулдук беришкен. Кербенди кытай чек арасына чейин узаткан А. Бубенов кайра кайт­канда, бугу уруусунун манаптары Шапак, Шера­лы өз элчиси катары Качыбек (орус документинде Кайчибек) Шералы (Ширайли) уулун, ага Жакыпбекти (Якуб) кошуп, 1813-жылы 21-ноябрда Семейге жө­нөткөн. Алар 1814-жылы 5-январда Семипалатинск чебине, анан Тобольск шаарына келип, Сибирь линиясынын башчысы (1807–1819) Г. И. Глазенаптын расмий кабыл алуусунда болуп, орустар менен соода бай­ланышын түзүүнү жана кыргыздардын жери ар­кылуу Кытай, Тибет, Кашкар, Жаркент тарапка өтүүчү орус соодагерлерине жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришип, падыша менен жо­лугуу үчүн Санкт-Петербургга жөнөтүүнү өтүнүш­көн. Бирок Санкт-Петербургдун алыстыгына байланыштуу кыргыз элчилеринин өтүнүчү ка­нааттандырылган эмес. Алар шаардагы бир ка­тар чептерди, Барнаулдагы заводдорду кыдыртып көрүшкөн. Жакыпбек элчилик ишмердиги үчүн асыл­таш чөгөрүлгөн шакек менен сыйланган. Элчилер мекенине 1815-жылы кайтып келишкен.

Ад.: Внешняя политика России XIX и начала XX века: Документы Российского министерства иностранных дел. Сер. 1. Т. 7. М., 1970.

Т. Өмүрбеков.