ЖАКШЫЛЫКОВ Алымкул
ЖАКШЫЛЫКОВ Алымкул [1890, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди, Ак-Суу болуштугу (азыркы Сокулук району, Белек айылы) – 1938, Фрунзе шаары) – Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга жана чыңдоого активдүү катышкандардын бири.

Советтик партиялык мектепти(1928–1930),Орто Азия коммунисттик университетинин курсун (1933, Ташкент), Москва социалисттик жер иштетүү академиясын (1935) бүтүргөн. 1916–1917-жылдарда Чөмүч суу сактагычында жумушчу болуп эмгектенип, орус революционерлери менен таанышкан. 1918-жылы большевиктер партиясына өтүп, Сокулук аймагында большевиктик алгачкы партиялык ячейканы уюштурган. 1920-жылдан «Жарды-жалчы» уюмунун, ревкомдун, Сокулук, Аламүдүн райондорунун аткомунун, Сокулук райондук жер-токой бөлүмүнүн, ВКП(б)нин Фрунзе шаардык, Аламүдүн, Нарын райондук жумушчу-дыйкан инспекцияларынын төрагасы, жооптуу секретары, контроль комиссиясынын жооптуу секретары, «Кыргыз токой» трестинин директору болуп иштеген. Кыргыз АССР БАКтын мүчөсү (1936). 1936-жылы жалган жалаа менен партиядан чыгарылып, 1937-жылы 30-декабрда атууга буйрулган. 1957-жылы акталган. Сокулук аймагында кедейлерге жер бөлүштүрүү, отурукташтыруу, колхоздоштуруу, мектеп куруу иштерин жетектеген. Сокулук районунун борборундагы мектеп-гимназияга ысмы берилип, айкели орнотулган.
З. Бейшеев.