ЖАЙЫЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАЙЫЛ – Чүй облусунун Жайыл районундагы кыштак. Жайыл айыл округуна караштуу. Бишкек – Ташкент автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 770 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору – Кара-Балта шаарынан жана темир жол бекетинен 14 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 1 299 (2023); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, 2 китепкана, амбулатория, ФАП бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры М. Э. Скворцова туулган.