ЖААН-ЧАЧЫН ӨЛЧӨГҮЧ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖААН-ЧАЧЫН ӨЛЧӨГҮЧ – атмосфералык жаан-чачындын өлчөмүн аныктоочу аспап. Ал туура кесилиш аянты 500 см2, бийиктиги 40 см келген цилиндр түрүндөгү чака жана өлчөөчү стакандан турат. Жаан чакага чогулгандан кийин, стаканга куюлуп өлчөнөт. Стакандын боорунда жер бетине түшкөн жаандын калыңдыгын мм менен көрсөтүүчү шкалалар белгиленген. Чакага түшкөн кар, мөндүр жана башка өлчөө алдында эритилет. Өлчөгүч жерден 2 м, ал эми шаарда 20–30 м бийикте, мүмкүн болушунча шамал тийбегендей жерде орнотулат.