ЕВРЕЙ АВТОНОМИЯ ОБЛУСУ
ЕВРЕ́Й АВТОНО́МИЯ ОБЛУСУ – Россия Федерациясынын субъектиcи. Россиянын Ыраакы Чыгыш федерация округуна кирет. Амур боюнда жайгашкан. Облус 1934-жылы 7-майда уюшулган. Кытай менен чектешет. Аянты 36 миӊ км2. Калкы 145,8 миӊ (2024). Борбору – Биробижан шаары. Шаар калкы 66,3%. Административдик-аймактык жактан 5 административдик районго, 2 шаарга, 11 шаарчага бөлүнөт. Облуста орус (89,9%), украин (4,4), еврей (1,2), татар, беларус жана башка улут өкүлдөрү жашайт. Табигый аймагынын 12% коргоого алынган. Алар Бастак коругу, 6 заказник, 25 табият эстелиги (анын ичинде гидрологиялык, геологиялык, ботаникалык жана башкалар бар). Түндүк-батышы менен түндүгүндө Кичи Хинган жана Бурея кырка тоолору (бийиктиги 1421 м), түштүк-чыгышында Ортоӊку Амур ойдуӊу орун алган. Климаты мелүүн муссондук. Январдын орточо температурасы –21…–25°Сден (түздүктөрүндө) –30°Сге чейин (тоолордо), июлдуку 20–22°С, жылдык жаан-чачыны 500–800 мм. Негизги дарыясы – Амур. Токойдун күрөӊ, шалбаа-саз жана аллювий топурактары мүнөздүү. Аймагынын 1/3ин токой ээлеп, анда ийне жалбырактуу токой басымдуу. Кен байлыктардан темир, марганец, калай, алтын, көмүр, графит, тальк, брусит жана башкалар казылып алынат. Кульдур курорту иштейт. Региондун дүӊ продукциясы 4782,8 млн рублди түзөт; андагы өнөр жайдын үлүшү 15,3% (2001). Башкы өнөр жай тармактары: курулуш материалдары, электр-энергетика, машина куруу, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, жеӊил. Ошондой эле «Зима» кийиз чокой жана кондитер фабрикалары, эт комбинаты иштейт. Күрөӊ көмүр, магний казылып алынат. Региондун дүӊ продукциясында айыл чарбасынын үлүшү 13,9% (2001). Айыл чарбага жарактуу жери 537,2 миӊ га (жер фондунун 14,8%), анын ичинде айдоо аянты 17,2%. Дан эгиндери, соя, картөшкө, жашылча айдалат. Техникалык өсүмдүктөр басымдуу (61,8%). Эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы жана чочко асыралат. Аары чарбасы өнүккөн. Темир жолунун узундугу 513 км, автомобилдики 1533 км, суу жолунуку 685 кмдей. Амур жана Тунгуска дарыяларында кеме жүрөт. Төрт жогорку окуу жайы, 2 театр, филармония, 3 музей, облустук китепкана (2003) бар.
Ад.: Еврейская автономная область//Большая Российская энциклопедия. Т. 9. М., 2007.
Р. Карачалова.