ЕВРАЗИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРА́ЗИЯ – Жер шарындагы эӊ чоӊ материк (континент). Түндүк жарым шарда (айрым арал­дары Түштүк жарым шарда). Ал Европа жана Азия дүйнө бөлүгүнөн турат. Батыштан чыгышка 16 миӊ км, түндүктөн түштүккө 8 миӊ кмге созу­лат. Аянты аралдары менен кошо 54,9 млн км2дей (кургактыктын 1/3инен көбүрөөгү), анын ичинде аралда­рынын аянты 2,75 млн км2дей. Калкы 4,57 млрд (2000). Аймагынын деӊиз деӊгээлинен орточо бийиктиги 840 м; эӊ бийик жери – 8848 м, ал – Гималайда­гы Жомолунгма чокусу. Материктин эӊ четки тумшуктары: түндүгү – Челюскин, түштүгү – Пиай, батышы – Рока, чыгышы – Дежнёв тум­шуктары. Батышынан Атлантика, түндүгүнөн Түндүк Муз, чыгышынан Тынч, түштүгүнөн Инди океандары жана алардын деӊиздери менен чулга­нат. Түштүк-чыгышында Австралия, Азиянын деӊиздери Евразияны Австралиядан, түндүк-чыгышта Бе­ринг кысыгы Түндүк Америкадан, түштүк-батышында Гибралтар кысыгы, Жер Ортолук деӊиз, Кызыл деӊиз Африкадан бөлүп турат. Суэц мойногу Евразияны Африка материги менен туташтырат. Евро­панын жээктери Азияныкына караганда көбү­рөөк тилмеленген. Кургактыктын тутумдаш­тыгы, материктин азыркы тектоникалык биримдиги, климаттык процесстердин негизинен окшош­тугу, органикалык дүйнөсүнүн өнүгүүсүнүн жалпылыгы жана башка факторлор материкти «Евразия» деп атоого не­гиз болгон.

Орографиясы, рельефи жана геологиялык өнүгүү тарыхы. Евразиянын аймагынын 2/3 бөлүгүн тоолор менен бөксө тоолор ээлейт. Негизги тоо системалары: Гималай, Альп, Кавказ, Карпат, Пиреней, Апен­нин, Гиндукуш, Каракорум, Памир, Теӊир-Тоо, Куньлунь, Алтай, Саян, Түндүк-Чыгыш Сибирь, Урал тоолору; тайпак тоолору – Алдыӊкы Азия, Тибет, Саян-Тува; бөксө тоолору – Декан, Орто Сибирь. Ири түздүктөрү менен ойдуӊдары: Чыгыш Европа, Батыш Сибирь, Туран, Кашкар, Улуу Кытай, Инд-Ганг, Жунгар, Месопотамия жана башкалар. Евразия өнүгүү мезгилдеринин кыйла татаалдыгы жана геологиялык түзүлүшүнүн өтө ар түрдүүлүгү менен өзгө­чөлөнөт. Континенттин негизи бир нече ба­йыркы материктин ажырашынан же биригиши­нен калыптанган: түндүк-батышта Лавренциянын чыгыш бөлүгү кайнозойдо төмөн чөгүп, Атлан­тика океаны аркылуу Түндүк Америкадан бөлүнүп, Европа пайда болгон; түндүк-чыгышта Ангарида палеозойдун аягында Урал бүктөлүшү аркылуу Лавренцияга туташып, натыйжада Лавразия пайда болгон; Лавразия мезозойдун ортосуна чейин сакталган; ал эми түштүктөгү байыркы Гондвана материги ажырап, анын түндүк-чыгыш бөлүгү (Араб жана Инди платформалары) Евразияга ту­ташкан. Евразиянын структурасынын негизги элемент­терин байыркы структуралар – Чыгыш Европа (Балтика жана Украина калкандары), Сибирь (Алдан калканы), Кытай-Корей, Түштүк Кытай, Инди платформалары жана Нубия-Араб калка­ны менен Армян тайпак тоосунун лава катмарлары жана жанар тоо конустары, Италиядагы, Камчат­кадагы, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы аракеттеги жанар тоолор, Кавказ, Карпат, Эль­бурс жана башка тоолордогу өчкөн жанар тоолор ки­рет. Жер кыртышынын төмөн чөгүүсүнөн мате­риктин чет-жакаларын суу каптап, Евразияга жа­кын жайгашкан архипелагдар (Ыраакы Чыгыш, Бри­тан аралы, Жер Ортолук деӊиз алабы ж. б.) обочо­лонгон. Мурда Евразиянын ар кайсы жерин деӊиз бир нече жолу каптаган. Алардын чөкмө тектери деӊиз түздүктөрүн түзүп, кийин мөӊгү, агын суу жана көл суулары менен тилмеленген. Евразиянын эӊ ири түздүктөрүнө Чыгыш Европа (Орус), Ортоӊку Европа, Батыш Сибирь, Туран, Инд-Ганг кирет. Евразияда жантайыӊкы жана цоколдук түздүктөр да кеӊири таралган. Евразиянын түндүк жана бир катар тоо­луу аймактарынын рельефинин калыптанышы­на байыркы муз каптоонун таасири зор болгон. Евразияда плейстоцендин муздуктары жана суу-муздук­тары пайда кылган чөкмө тектер ээлеген жер­лердин дүйнөдөгү эӊ ири аянттары бар. Азыр­кы мөӊгүлөрдүн жалпы аянты 230 миӊ км2дей; алардын көбү Арктиканын аралдарында, Ислан­дияда жана Азиянын бийик тоолорунда (Гима­лай, Каракорум, Тибет, Куньлунь, Памир, Теӊир-Тоо жана башкалар), ошондой эле Альп, Скандинавия тоо­лорунда жайгашкан. Көп жылдык тоӊ Евразиянын

11 млн км2дей аянтын (негизинен Сибирди) ээлейт. Акиташ тегинен жана гипстен түзүл­гөн аймактарда карст процесстери өөрчүгөн. Азиянын кургакчыл аймактарына рельефтин чөлдүк формалары жана типтери мүнөздүү.

Евразиянын климатына жыл бою өкүм сүргөн Азор, Гавайи антициклондорунун, Исланд, Алеут деп­рессияларынын, ошондой эле сезондук Азия антицик­лонунун таасири зор. Азия антициклонунун борбору кышында Моӊголиянын, жайкы деп­рессиясы Түштүк Азиянын үстүндө жайгашат. Евразиянын аянтынын өтө зордугу жана рельефинин татаалдыгы анын климатынын өтө ар түрдүү болушуна шарт түзөт; башка материктерден кон­тиненттик типтеги климаттын кеӊири таралы­шы менен өзгөчөлөнөт. Суук, мелүүн жана ысык климаттык алкактардын ортосундагы кеӊдик айырмачылык өтө зор. Арктикада жана субарк­тикада жыл бою – арктикалык, мелүүн кеӊдик­терде – уюлдук, салыштырмалуу төмөнкү кеӊдиктерде – тропиктик фронттордун (тайфун) циклондору аракетте болот. Тропиктик тайфун толкун менен коштолгон өтө катуу шамалды пайда кылат. Атмосфералык жалпы циркуляциянын мезгил боюнча өзгөрүүсү субтропиктик алкактын батыш секторунда жайы кургакчыл, кышы нымдуу – жер ортолук деӊиздик климатты пайда кылат. Мындагы кышкы жамгыр уюлдук фронттун циклондору менен байланыштуу. Тропиктик ал­как Европада жок, ал эми Азияда анын түштүк- батыш бөлүгүн – Араб жарым аралын жана Тхар (Тар) чөлүн камтыйт. Анда тропиктик чөл климаты өкүм сүрүп, чыгышта субэкватордук климатка өтөт. Экватордук алкакта түндүктөн жана түш­түктөн соккон аба массалары кошулуп (конвер­генция процесси жүрүп), жыл бою жаан-чачын­ды арбын жаадырат. Климаттын сектордук айырмачылыгы да даана байкалат: материктин ички бөлүгүнө мүнөздүү континенттик жана өтмө климат чет-жакаларын карай океандык кли­матка өтөт. Океандын климатка тийгизген таа­сири айрыкча Батыш Европада даана байкалат; анда батыштан соккон аба массасына Азор ан­тициклонунун чет-жакасынан келген аба кошулат. Ушул эле багытта Исландия депрессия­сынан пайда болуп, арктикалык жана уюлдук фронттор аркылуу соккон циклондор аракет­тенет. Атлантика аба массасы чыгышты карай жыл­ган сайын акырындап нымын жогото баштап, континенттик абага өтөт. Ал эми Тынч океан менен Инди океанынан соккон аба массалары цик­лон жана муссон түрүндө кургактыктын ички бөлүктөрүнө айрым сезондордо гана кире алат. Түндүктөн соккон арктика абасы кургактыкка тоскоолсуз кирип, аны материктин ички бөлү­гүндө кеӊдик багытта жайгашкан тоолор гана тосуп калат. Евразиянын ички аймактарында кыш мезгилинде атмосферанын жогорку басымы үстөмдүк кылып, абанын төмөн чөгүп токтоп калышы­на, жылуулуктун өтө нурлануусуна, жер бети­не жакын төмөн болушуна шарт түзөт. Анда кышкы континенттик муссондор пайда болуп, чыгышты жана түштүктү карай согот. Абанын жайкы температурасы, тескерисинче, ысык болот. Сектордук климаттык айырмачылыкты деӊиз агымдары ого бетер күчөтөт. Жылуу агымдар Европанын түндүк-батыш жана Япон аралынын жээк­теринде – кышкы жана жылдык оӊ температуралуу аномалияны, муздак агымдар Азиянын чыгыш жээктеринде – жайкы жана жылдык терс анома­лияны пайда кылат. Тоолуу аймактарында кли­маттык бийиктик алкактуулугу жана анын тоо капталдарынын экспозициясына карата алма­шуусу даана байкалат. Евразиянын ички аймактары­нын туюктугу менен нымдуулуктун контрасттуу­лугу байланыштуу. Ири тайпак тоолордун үстүндө муздак аба туруп калат, атмосферанын жергиликтүү борборлору түзүлүп, өзгөчө бийик тоо климаты (мисалы, Памир жана Тибеттеги бийик тоо чөл кли­маты) пайда болот. Арктикалык климаттан эк­ватордук климатка чейин өзгөрөт. Чет-жакала­рында океандык климат (түштүк жана чыгыш жак­тарына муссондук), ички аймактарына конти­ненттик жана кескин континенттик климат мү­нөздүү. Түндүк-Чыгыш Сибирдеги Верхоянск менен Оймякон – Түндүк жарым шардын суук уюлу, анда –70°Сге чейин суук болот. Араб жарым аралы – Жер шарындагы эӊ ысык жана кургакчыл жер­лердин бири; анда жылына 44 мм гана жаан­-чачын жаайт; азиялык бөлүгүндө түштүк-батыш­тан түндүк-чыгышты карай чөл тилкеси созулуп жатат, мында жылдык жаан-чачындын өлчөмү 200 ммден ашпайт, ал эми Чыгыш Индия Жер шарындагы эӊ жаанчыл жер (Черапунжиде жылдык жаан-чачындын өлчөмү 12 000 ммге чейин). Евразиянын дарыялары 4 океандын алабына ки­рет. Европанын эӊ ири дарыялары (Волга, Ду­най жана башкалар) Азиянын Лена, Енисей, Амур, Обь, Янцзы сыяктуу чоӊ дарыяларынан өлчөмү боюнча кыйла артта турат. Негизги дарыялары: Янцзы (Евразиядагы дарыялардын эӊ чоӊу, узундугу 5800 км, суу­сунун жылдык орточо чыгымы 34 миӊ м3/сек), Обь, Енисей, Лена, Амур, Хуанхэ, Меконг, Брах­мапутра, Ганг, Инд, Тигр, Евфрат, Волга, Ду­най. Булардын көбү маанилүү транспорт жолу, гидроэнергиянын ири булагы болуп, сугатка кеӊири пайдаланылат. Евразияда дүйнөдөгү эӊ ири туюк облустар (Каспий менен Арал деӊиздеринин, Балкаш жана Лобнор көлдөрүнүн алаптары) жай­гашкан. Суу агып чыгуучу ири көлдөрү – Бай­кал (дүйнөдөгү эӊ тереӊ көл, анын тереӊдиги 1620 м), Ладога, Онега. Евразиянын аянтынын жарымынан көбү флорасы жана фаунасы боюнча Голарктикага кирет; анын көп жерлеринде кийинки көтөрүлүүнүн, муз жана деӊиз каптоонун натыйжасында органикалык дүйнөсү кый­ла азайып кеткен. Евразиянын түштүгүн Палеотро­пик облусунун флорасы, Инди-Малайя облусу­нун фаунасы ээлейт. Евразия башка материктерден тайга-тоӊ, күл жана чөл-талаа тибиндеги топу­рак кыртыштын кеӊири таралышы, ошондой эле тоо топурактарынын түрлөрүнүн көптүгү менен өзгөчө­лөнөт. Топурак кыртышынын жана органикалык дүйнөсү­нүн түрлөрү негизинен кеӊдик зоналуулукка (тундрадан баштап, мелүүн алкактын токой зо­насы, субтропиктик талаа, чөл зоналары, са­ванна, кургакчыл тропик аркылуу нымдуу дайыма жашыл экватордук токойго чейин), ошондой эле океан жээктеринен алыстаган сайын, тоолордо бийиктик алкактуулукка жараша өз­гөрөт.

Табигый секторлору, алкактары жана зоналары. Евразияда табигый өзгөчөлүктөрү боюнча кыйла айыр­маланган секторлордун бөлүнүүсү кургактыктын айрым бөлүктөрүнүн ным булагынан түрдүүчө алыстыкта жайгашуусуна жана ал аймактардын обочолонуу деӊгээлине байланыштуу. Евразиянын аймагы 6 секторго бөлүнөт: 2 океандык – ба­тыш жана чыгыш; 2 өтмө: континенттик жана кес­кин континенттик. Батыш океандык сектор Ба­тыш Европаны бүт жана Батыш Азиянын басым­дуу бөлүгүн камтыйт. Чыгыш океандык сектор Тынч океандын кууш жээк тилкесин гана кам­тып, табиятына түрдүүчө таасирин тийгизген муссондук климаты менен өзгөчөлөнөт. Евразиянын кал­ган секторлору материктин ички бөлүгүн ээлейт; ал эми Евразияга гана мүнөздүү кескин континенттик сектор континенттик сектордун чыгышында жайгашат; ал болсо батыштан соккон аба мас­сасына жана нымды сырткы айдарым капталда­ры өзүнө кармап калган орографиялык тоскоолдордун болушуна байланыштуу. Евразиянын табияты кеӊдик боюнча өзгөрүп, ага төмөнкү г е о г р а ф и я л ы к а л­ к а к т а р мүнөздүү: арктика, субарктика, мелүүн, субтропик, тропик, субэкватор, экватор. Ар бир алкак өз ичинен зоналарга жана зонача­ларга бөлүнөт. А р к т и к а а л к а г ы н ы н арктикалык чөл зонасы муздуу жана таштуу чөл, ошондой эле тоо ландшафтынын суук чөл тибиндеги зоначаларына, с у б а р к т и к а а л к а г ы тундра жана токойлуу тундра зоналарына бөлүнөт; тоолоруна тундра-суук чөл бийиктик алкактары мүнөздүү; чыгышында тундранын жапалак токойлору кеӊири таралган. М е­л ү ү н а л к а к т а кеӊдик зоналуулук (токой зонасы тайга, аралаш, жазы жалбырактуу то­кой зоначалары менен токойлуу талаа, талаа, жа­рым чөл, чөл) континенттик секторго мүнөздүү. Евразиянын кескин континенттик секторунда тоолор кеӊири аянтты ээлегендиктен, кеӊдик зоналуу­лук көбүнчө бийиктик алкактуулуктун спект­ринде байкалат. Өтмө жана океандык секторлор­до зоналардын чегинде океандардын таасиринен өзгөрүүлөр болот, мисалы, Чыгыш Европа (Орус) түздүгүндө зоналар түндүк-батыштан түштүк-чыгыш­ты, мелүүн алкактын четки түштүгүндө батыш­тан чыгышты карай өзгөрөт: Франциянын то­кою, Карпат өндүрүнүн токойлуу талаасы, Ук­раинанын түштүгүндөгү талаа, Казакстандын жана Борбордук Азиянын чөлдөрү жана жарым чөлдөрү, Моӊголиянын жана Дунбэйдин талаалары жана то­койлуу талаалары, Манжур-Корей тоолорунун жана Япониянын түндүк аралдарынын токойлору. Тоолоруна бийиктик алкактуулуктун токойлуу­ тундра, токой-жапалак токой, токойлуу шал­баа жана чөл-талаа спектрлери мүнөздүү. С у б ­т р о п и к а л к а г ы н ы н зоналары да батыштан чыгышты карай өзгөрөт: Жер орто­лук деӊиз аймагынын катуу жалбырактуу то­койлору жана бадалдары, Закавказье менен Кичи Азиянын талаалары жана жарым чөлдөрү, Иран тайпак тоосунун, Түркмөнстан менен Борбордук Азия­нын түштүк бөлүктөрүнүн чөлдөрү. Субтропик ал­кагынын океандык секторундагы тоолорго көбүн токой түзгөн бийиктик алкактуулуктун баты­шына токой-шалбаалуу талаа, чыгышына то­койлуу шалбаа зоналары мүнөздүү. Евразиянын ички аймактарында чөл-талаа, Памир, Тибет тайпак­ тоолорунда бийик тоо чөл ландшафттары үстөмдүк кылат. Т р о п и к т и к а л к а г ы Араб жарым аралын жана Тар чөлүн камтып, аларга тро­пиктик жарым чөл жана чөл, тоолоруна бийик­тик алкактуулуктун чөл-талаа жана чөл зонала­ры мүнөздүү. Чыгышыраакта, тропиктик кеӊдиктерде түндүк с у б э к в а т о р д у к а л к а к таралып, ал нымдуу субэкватор токою (негизи­нен тоолордун айдарым капталдарында) жана саванна (негизинен Индстан жана Индикытай жарым аралдарынын ички бөлүктөрүндө) зоналарына бөлүнөт. Бул аймакта жайгашкан тоолорго би­йиктик алкактуулуктун токойлуу шалбаа жана токойлуу талаа зоналары мүнөздүү. Э к в а­ т о р д у к а л к а к Шри-Ланканын түштүк- батышын, Малакканын жана Филиппин аралынын түштүк бөлүктөрүн, Чоӊ Зонд аралын камтып, ага нымдуу экватор токою – гилея, тоолоруна ги­лея менен парамостун (тоо-экватордук өзгөчө ланд­шафт) айкалышы мүнөздүү. Кичи Зонд аралында түштүк экватор алкагынын токой жана саванна ландшафттары үстөмдүк кылат.

Табигый аймактары. Табигый аймактарынын жалпы кабыл алынган бөлүнүшү жок, бул физикалык- географиялык райондошторуудан башка да бир нече схе­ма бар. Төмөндө келтирилген Евразиянын физикалык-географиялык райондоштуруусунун схемасы – табигый-ланд­шафттык өлкөлөрдүн ар бирине морфологиялык-тектоникалык биримдиги, жаӊы тектоникалык өнүгүүсүнүн, климат­ты пайда кылуучу циркуляциялык процесс­тердин жалпылыгы, табигый зоналардын мый­зам ченемдүү таралуусу мүнөздүү. Айрым өл­көлөрдүн ортосунда айырмачылыктар болсо дагы, аларды ири топторго бириктирүү үчүн мүмкүнчүлүк түзгөн окшоштук белгилери да болот. Евразиянын аймагын төмөнкү физикалык-географиялык өл­көлөрдүн топторуна бириктирүүгө болот: Ат­лантика бою өлкөлөрү; Түндүк Евразия; тоо-арал­дуу Арктика; Бийик Сибирь жана Моӊголия; Ички Евразия; Чыгыш Азия, Түштүк Азия; Евро­палык Жер Ортолук деӊиз аймагы, Алдыӊкы Азия тайпак тоолору жана Кавказ; Түштүк-Батыш Азия.

Атлантика бою өлкөлөр тобуна неотектоникалык кыймылдар мүнөздүү. Табигый чөйрөнүн бардык компоненттерине кыйла таасирин тийгизген океандык климат үстөмдүк кылат. Органикалык дүй­нөсүнүн чектелүүсүнө байыркы муз каптоонун таасири зор. Бул топко Фенноскандия (Сканди­навияны, Кола арым аралын Карелияны, Финляндия аймагын камтыйт), Исландия, Британ арал­дары, Ортоӊку Европа түздүгү, Альп Карпат тоолору жана алардын түштүк этегиндеги түз­дүктөрү кирет. Түндүк Евразияны Урал менен бө­лүнгөн Чыгыш Европа түздүгү жана Батыш Си­бирь түздүгү ээлейт. Салыштырмалуу туруктуу платформалык структура, мелүүн деӊиздик кли­маттан континенттикке өтмө жана континент­тик типтеги климат жана ландшафттар мүнөздүү. Аймагы, айрыкча анын түндүк-батышы байыркы муз каптоого дуушарланган. Мелүүн алкактын ландшафттык зоналарын бүт камтыйт. Тоо ­аралдуу Арктиканын е в р а з и я л ы к с е к­т о р у тектоникалык жактан тилмеленген, көбүнчө жапыз жана орто бийик тоолуу архипелагдардан (Шпицберген, Франц-Иосиф жери, Жаӊы Жер, Түндүк Жер) жана аралдардан турат. Аларда тоо­нун мөӊгүлүү жана таштуу арктикалык чөл ланд­шафты басымдуу; айрым жеринде тоо тундра­сы да кездешет. Бийик Сибирь жана Моӊголия – платформалар жана неотектоникалык жактан өтө кый­мылдуу байыркы бүктөлүү структуралары мү­нөздүү жана орто бийик тоолор менен бөксө тоолор үстөмдүк кылган аймак. Климаты континент­тик жана кескин континенттик, кышында кар аз жаайт. Дүйнөдө жер астындагы муздар эӊ кеӊири таралган аймак. Айрым жерлеринде ба­йыркы муз чордондору пайда болгон. Тоонун ачык ийне жалбырактуу тайгасы үстөмдүк кылат. Азыркы катаал климаттык шарт ланд­шафттын өөрчүүсүнө кыйла чек коёт. Ал Орто Сибирь бөксө тоосун, Ички Якутияны (Борбордук Якут түздүгү, Алдан бөксө тоосу), Түндүк-Чы­гыш Сибирди [орто бийик жана жапыз тоолор­дон (Бырранга, Жогорку Яна, Черский, Коряк кырка тоолору) жана платолордон (Юкагир, Ала­зея жана башкалар), бөксө тоолордон, аккумуляциялык, көбүнчө деӊиздик ири түздүктөрдөн (Түндүк Сибирь, Яна-Индигирка, Колыма жана башкалар) турат], Түштүк Сибирь тоолорун, Моӊголия тоолорун [бийик (Алтай, Саян, Кодар) жана орто бийик (Забайка­лье, Хантай, Хэнтэй, Становой тайпак тоосу жана башкалар) тоолорду] камтыйт. Ички Евразия – нео­тектоникалык кыймылда кескин көтөрүлгөн аймак; ага эӊ бийик тайпак жана бийик тоолор, конти­ненттик жана кескин континенттик климат, суусу сыртка агып чыкпаган туюк облустар ба­сымдуулук кылган ири ойдуӊдар мүнөздүү. Ири туюк көлдөрү бар. Аймакка мүнөздүү болгон тоонун жана түздүктүн чөл-талаалуу ландшаф­тынын флорасы жана фаунасы көп жерлеринде кийинки көтөрүлүүдөн (нымдуу аба массасынан тосулуп калгандыктан) жана байыркы муз кап­тоодон кыйла жабыркаган. Ага Ички Казак­стандын, Каспий боюнун, Орто Азиянын жана Борбордук Азиянын түздүктөрү (Кара-Кум, Кы­зыл-Кум, Такла-Макан, Гоби жана башкалар), ошондой эле ай­рым жерлеринде кездешкен жапыз тоолуу, дөбө­дөӊсөөлүү супа сымал платолору, Орто жана Борбордук Азиянын тоолору жана тайпак тоолору (Тибет, Памир, Чыгыш Гиндукуш, Каракорум, Кунь­лунь, Теӊир-Тоо жана башкалар) кирет. Чыгыш Азия – Евразиянын неотектоникалык жактан кыймылдуу чет-жа­касы; жалпысынан мезозой жана альп бүктөлүш­төрүнүн структураларынын, муссондук климат­тын жана байыркы муз каптоого дуушарланба­ган муссон тибиндеги ландшафттын үстөмдүк кылышы, тропиктик ураган (тайфун) мүнөздүү. Азиянын материктик чыгышы аккумуляция­лык түздүктөрдү (Амур бою, Сунляо, Улуу Кытай), жапыз жана орто бийик тоолорду (Си­хотэ-Алинь, Хинган-Бурея, Манжур-Корей тоо­лору, Наньлин), Камчатканы жана Чыгыш Азия аралдарын (Курил, Япон, Рюкю) камтыйт. Түштүк Азия тектоникалык структурасы жана неотек­тоникалык режими ар түрдүү болсо да, субэкватордук жана экватордук ландшафттардын басымдуулу­гуна жана жалпы муссондук климаттын үстөмдүк кылышына байланыштуу бириктирилген. Тро­пиктик циклон мүнөздүү. Органикалык дүйнөсү байыркы­лыгы менен өзгөчөлөнөт; палеотропиктик, көбүнчө малайя, батышына инди-африка флорасы, ин­ди-малайя фаунасы мүнөздүү. Австралия-Азия архипелагдары (Малайя, Филиппин, Молук­ка), Тайвань аралы, Малакка жарым аралынын түштү­гү, Индикытай, Индстан, Инд-Ганг түздүгү жана Шри-Ланка, Гималай тоолору кирет. Европа­лык Жер ортолук деӊиз аймагы, Алдыӊкы Азия тайпак тоолору жана Кавказ жалпы кескин көтөрүлүүгө жана чөгүүгө дуушарланган, тоо ре­льефи басымдуулук кылган, альп-гималай бүк­төлүш кырчоосуна кирген өтө кыймылдуу ай­мак. Байыркы муз каптоого анчалык дуушар­ланбаган субтропиктик ландшафт үстөмдүк кы­лат. Алдыӊкы Азия (Кичи Азия, Армян, Иран) тайпак тоолорун жана Чоӊ Кавказды, Европалык Жер Ортолук деӊиз аймагын камтыйт. Түштүк- Батыш Азия – цоколдук түздүктөр, чет-жака­сындагы келки тоолор үстөмдүк кылган, лава катмары кеӊири таралган байыркы платфор­ма. Климаттын жана ландшафттын чөлдүк тип­тери мүнөздүү. Рельефинин, климатынын жана ландшафтынын Африканын түндүгүнүн жана ба­тышынын табиятына кыйла окшоштугу бай­калат. Ага Сирия-Араб платосу жана Месопота­мия, Араб жарым аралынын түштүк чет-жакасындагы тоо­лор (Оман, Хадрамаут, Йемен, Хижаз тоолору) кирет. Евразиядагы мамлекеттер жөнүндөгү маалыматтар Ев­ропа жана Азия макалаларында берилген.

Ад.: Власова Т. В. Физическая география частей света. 2-е изд. М., 1966; Гвоздецкий Н. А., Михай­лов Н. И. Физическая география СССР. Азиатская часть. М., 1970; Гуру П. Азия/Пер. с франц. М., 1956; Мильков Ф. Н., Гвоздецкий Н. А. Физическая геог­рафия СССР. Общий обзор. Европ. часть СССР. Кавказ. М., 1969; Физико-географическое райониро­вание СССР. М., 1968; Хрестоматия по географии материков и океанов. М., 1987; Физическая география материков и океанов / Под ред. А. М. Рябчикова. М., 1988; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004.

Ө. Бараталиев.